Федералдык Тышкы иштер министрлигинин веб-баракчасына кош келиңиз

Кыска мөөнөттүү шарттуу жумушка орношуу үчүн виза (Жумушка орношуу эрежесинин § 15d )

Артикль

Жалпы маалымат 

Кыска мөөнөттүү сезондук талаптуу ордун толтуруу үчүн, федералдык иш менен камсыз кылуу агенттиги жыл сайын квота белгилеген айрым секторлордо кыска мөөнөттүү жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул иш квалификациялуу жумуш болушу шарт эмес жана адис катары квалификация талап кылынбайт.
Кыска мөөнөттүү жумушка орношуу үчүн виза алуу үчүн иш берүүчү алгач иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттиктин жооптуу кызматына кайрылып, алдын ала макулдук сурайт.
Бул алдын ала макулдук алынгандан кийин, жумушка орношуу эрежесинин § 15d ылайык кыска мөөнөттүү жумушка орношуу үчүн виза ийгиликтүү берилиши мүмкүн.

Арыз тапшыруу

Арыз берүүдөн мурун "Улуттук визалар үчүн виза тартиби жана документтер жөнүндө жалпы маалымат" менен таанышыңыз!
Бардык документтер немис тилине котормосу менен, бардык түп нускалары жана котормолору - бир нускада берилиши керек.

Визага алуу үчүн сизге төмөнкүлөр керек:

  • жеке маалыматты камтыган паспорттун барагынын көчүрмөсү жана паспортто болгон визалар, штамптар же жазуулардын көчүрмөлөрү  
  • пландалган сапар аяктагандан кийин дагы 3 айдан кем эмес жарактуу
  • акыркы 10 жыл ичинде берилген
  • жок дегенде 2 бош барак бар

2 немис же англис тилдеринде толтурулган анкета жана § 54 Abs. 2 Nr. 8 i.V.m. § 53 AufenthG ылайык кол коюлган арыз  


Эгерде үй-бүлө мүчөлөрү Германияда жашаса

  • паспорттун/өздүгүн тастыктаган күбөлүктүн көчүрмөлөрү
  • күйөөсүнүн / жубайынын жашоого уруксаттын көчүрмөлөрү
  • каттоо күбөлүгү (алты айдан эски эмес)

Жумушка орношуу тууралуу далил

  • Көчүрмө же сканерлөө жетиштүү болот

  • Айлык маянасы, иштей турган сааттары көрмсөтүлгөн  жана кол коюлган иш келишими

  • мурунку окууган жана иштеген жердин баяндалышы менен
  • үзгүлтүксүз

ижара келишими жана/же иш берүүчүнүн тиешелүү турак жай аянты берилет деген кепилдиги түрүндө

жана

  • Арызды карап чыгуу акысы учурда €75.00 турат.
  • Виза төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сом менен накталай түрдө же кредиттик же дебеттик карта аркылуу виза алуу үчүн кайрылганда төлөнөт.
  • Сумманы учурдагы курс боюнча виза бөлүмүнөн биле аласыз; Евро же башка валюталардагы төлөмдөр кабыл алынбайт.
  • 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр үчүн төлөм суммасынын жарымы, б.а. 37,50 евро, 50-бөлүмгө ылайык 1-пункттун 1-жүрмөсү, ,AufenthV, 80-бөлүмүнүн 3-пунктунун AufenthG менен бирдикте алынат.



Кошумча маалымат

Беттин башында